Релятивизм (лат. relativus - салыштырмалуу) - дүйнөдөгү бардык нерсе салыштырмалуу, утурумдук деп эсептеген методикалык принцип.

Релятивизм болмуштун дайыма өзгөрүп туруучу касиетине таянат, бирок анын өзгөрбөс учурларын жокко чыгарып, утурумдук көрүнүштөрүн биринчи планга коёт. Релятивизм дин элементтери античный скептидизмде, байыркы грек софистикасында жолугат.

Релятивизм дин далилдерин агартуучулар динге, метафизикага каршы пайдаланышса, идеалисттик эмпиризм бардык билимдин булагы жеке тажрыйба деген идеяны бекемдөө үчүн колдонгон. 19-20-кылымдын чегинде физикадагы жады илимий ачылыштардан Э. Мах, Ж. А. Пуанкаре сыяктуу илимпоздор релятивисттик тыянактар чыгарышып, билимдин акыйкаттуулугун танышкан.

Ал эми диалект, материализм боюнча билимдин салыштырмалуулугу объективдүү акыйкатты жокко чыгарбастан, билимдин учурдагы деңгээлинин чектелгендигин гана көрсөтөт. Ар кандай салыштырмалуу акыйкатта абстракттуу акыйкаттын элементи бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.