Рентген-диагностика

Рентген-диагностикарентген нурларынын жардамы менен кишинин организминдеги бузулуулар менен ооруларды табуу ыкмасы.
1895-жылы немец физиги В.К. Рентген мурда белгисиз болгон нурларды ачкан, анын ысмы боюнча ал нурлар рентген нурлары деп аталган. Рентген нурлары тунук эмес ткандар жана органдар аркылуу өтүп, кээ бир ткандарга сиңет жана фотоплёнкага таасир этет. Кээ бир ткандар контрасттуу заттарды оргнизмге киргизгенде гана изилденет.

Туруп турган абалда рентгеноскопия жасоо.
Жаткызып горизонталь абалда рентгеноскопия жасоо.

Медициналык практикада рентген нурлары менен изилдөө органдардын көлөмүн, анатомиялык өзгөрүүлөрүн билүүдө, оорунун өтүшүнө байкоо жүргүзүүдө керек.
Рентген-диагностикада организмди нурга чалдыгуудан сактануу чаралары колдонулат. Азыркы кезде рентген-диагностика рентген аппараттары орнотулган атайын бөлмөлөрдө жүргүзүлөт. Саламаттык сактоо органдары тарабынан организмге тийүүчү рентген нурларынын уруксат этилген дозалары чектелген. Бирок улам-улам врачтын уруксатысыз рентген изилдөөлөрү кээде оорулууга зыян келтирет. Ошондуктан бардык рентгендик изилдөөлөр врач белгилеген мөөнөттөрдө гана жүргүзүлөт. Заманбап рентген аппараттары санариптик тутумдун жардамы менен пациентке нурланууну азайтуу принциптерине негизделгендиктен, спецификалык каршы көрсөтмөлөр жок.[1]

КарагылаОңдоо

ЖазууларОңдоо

  1. Рентген нурларынын каршы көрсөтмөлөрү жана чектөөлөрү.

Колдонулган адабиятОңдоо

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8