Рентген дифрактометри – кристалл объектиге дифракцияланган рентген нурларынын интенсивдүүлүгүн жана багытын өлчөөчү курал.

Рентген дифрактометри рентген структуралык анализдин, материалдардын рентгенографиясынын түрдүү маселелерин чечүүдө колдонулат. Ал берилген багытта дифракцияланган нурлануунун интенсивдүүлүгүн %тин ондогон үлүшүнө чейинки тактыкта жана дифракция бурчун минутанын ондогон үлүшүнө чейинки тактыкта өлчөөгө мүмкүндүк түзөт. Рентген дифрактометри изилденүүчү үлгү жайгаштырылуучу рентген нурлануу, рентген гониометри булактарынан, нурлануу детекторунан жана электрондук өлчөгүч-каттоочу түзүлүштөн турат. Өлчөө учурунда эсептегич жылып, белгилүү убакыт аралыгында ар бир чекиттеги нурлануу энергиясын каттайт. Рентген камерасына караганда Рентген дифрактометри кыйла так өлчөйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү