Репрессалийлер (кийинки лат. reрrеssaliae – кармап туруу, токтотуу) – эл аралык укукта мамлекеттин башка мамлекет тарабынан күч колдонуу жана коркутууга байланышпаган аракеттер аркылуу бузулган өз укуктарын калыбына келтирүүгө багытталган укук чектериндеги мажбурлоо аракеттери. Мыйзамсыз балык уулоо үчүн суу кемесин кармоо, анын мүлкүн камакка алуу же аны тартып алуу ж. б. репрессалийлердин мисалдары болуп саналат. Репрессалийлерге кайрылуу укук бузуучу мамлекет чыгымдарды төлөп берүүдөн же болбосо тынчтык жол-жоболорун колдонуу менен кабыл алынган башка чечимдерди аткаруудан баш тарткан учурда гана мыйзамдуу болот. Репрессалийлер укук бузууга тете гана өлчөмдө болууга жана «алгачкы абалды калыбына келтирген» учурдан тартып токтотулууга тийиш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү