Реституция (лат. restitutio – калыбына келтирүү) – 1) жарандык укукта жараксыз деп табылган учурда тараптардын бүтүм боюнча алган нерселеринин баарын кайтарып берүүсү. Эгер мыйзамда бүтүм жараксыз болгондо башкача каралбаган учурда, накталай алган нерсени кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү болбосо, анын акча баасында кайтарып берет. Эки тараптуу Р. жалпы эреже болуп саналат; 2) эларалык укукта баскынчылык же дагы башка эларалык-укуктук жосун жасап, анын натыйжасында башка мамлекетке келтирилген зыянды басылып алынган аймактан таланып-тонолуп алынган же мыйзамсыз ташылып кеткен мүлктү кайтарып берип, баштагы калыбына келтирүү аркылуу жоюу же азайтуу милдети менен белгиленүүчү мамлекеттин материалдык эларалык-укуктук жоопкерчилигинин бир түрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү