Ретикул формациясы (лат. reticulum - торчо, formatio - түзүлүш), торчодой түзүлүш - мээ сөңгөгүнүн борбордук бөлүктөрүндө жайгашкан нейрондордун жыйындысы.

Ретикул формациясы терминин немис илимпозу О. Дейтерс киргизген. Ретикул формациясы мээнин көп бөлүгү менен байланышат да, аларга таасир тийгизип турат. Анда мээнин жогорку бөлүктөрүнөн келүүчү (эфферент) жана борбордук нерв системаны карай багытталган (афферент) нерв импульстары өтөт.

Ретикул формациясынын төмөнкү жана жогорку таасири бар. Биринчиси жүлүнгө багытталып, андагы эркин кыймылдоолорго катышуучу булчуңдардын талчаларын нервдештирген альфа-мото-нейрондорго таасир этип, булчуңдардын тонусун бошотот. Муну Ретикул формациясынын тормоздоочу таасири дейт.

Экинчиси мээ кыртышына багытталып, андагы бардык бөлүктү козголуу процессинде карман турат. Аны түрдүү дарылар (к. Нейролептик каражаттар) тормоздойт.

Ретикул формациясынын функциялык абалын мээ кыртышы башкарып, жөнгө салат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.