Ретранслятор (ре.... жана латынча translator, сөзмө сөз – тараткыч, ташыгыч) – радио байланышынын (радиорелелик, космостук) аралык пункту катары пайдаланылуучу түзүлүштү ретранслятор кызматын байланыш спутниктери аткарат. Анын курамында радио кабылдагыч, бөлүштүргүч, кайра берүүчү өткөргүч жана азыктандыргыч болот. Ретранслятор активдүү жана пассивдүү болуп айырмаланат. Активдүү ретранслятор радио сигналдарын кабыл алып, кайра берет уюлдук байланыш, санариптик сигналдарды берүүдө жана радио байланыштарды кабылдайт, күчтөнтөт жана маалыматты орто аралыктагы станциядан андан ары өткөрөт. Пассивдүү ретранслятор электр өткөрүүчү чөйрө (мисалы, металлдардын иондошкон буулары), жалпак чагылткыч, күзгүлүү антенна, байланыш спутнигинен турат. Ал бир убакытта келип жаткан көптөгөн радио сигналдарды өз ара чаташтырбай чагылтып жана чачырата да алат. Ретранслятор катары көбүнчө пассивдүү спутник байланышы колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү