Ретушь
Ретушь (французча retoucher – сүрөтүн оңдоо) – кол менен тартылган сүрөттүн же фотосүрөттүн кемчилигин тазалап оңдоо. Мурда калем, боёк же химиялык жол менен оңдолуп келген. Учурда мезгил талабына ылайык, илимий-техникалык прогресстин тез өнүгүү мезгилинде ретушь жасоого өтө ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Компьютердик программалар (Fotoshop, Corel Draw ж. б.) аркылуу каалагандай ретушь жасоого болот.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9