Рефлекс зоналары - организмдин атайын рецепторлор жайгашкан бөлуктөрү. Аларды дуүлүктургөнде шартсыз рефлекс пайда болот.

Ар бир рефлекстин өзүнчө Рефлекс зоналары бар. Мисалы, мурун көңдөйүн дүүлүктүрсө - чүчкүрүү, кекиртекти дүүлүктүрсө, жөтөлүү рефлекстери пайда болот.

Теридеги Рефлекс зоналарынын чеги айкын эмес. Себеби бир зона жанындагы зонага катар турат. Ал жулундун сегменттик функциясына байланыштуу. Ички органдардагы Рефлекс зоналары абдан татаалдашкан. Алар организмдин гомеостаз (туруктуулук) көрсөткучтөрун тейлөөгө катышат (мисалы, толтодогу Рефлекс зоналары кан басымынын бир калынта болуусун тейлейт).

Шарттуу рефлекстер өзгөргүч келгендиктен алардын туруктуу Рефлекс зоналары болбойт.

Рефлекс зоналары нерв системасынын тубаса түзүлүшүнө байланышкан, алар организмдин өсүүсүнө жараша жетилип турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.