Рецидивист (ашынган кылмышкер)

Рецидивист (ашынган кылмышкер) (лат. recidivus – кайра келген) – кылмыш-жаза укугунда өкүм аркылуу соттолгондон кийин кайрадан бир же бирнече кылмыш жасаган адам. Биринчи жолу соттолуп жаткан адамга караганда Р-тин коомго карата коркунучу жогору, ошондуктан Р-ке кылмыш-жаза мыйзамы тарабынан кыйла катуу жаза чарасы каралган. Адатта, соттолгондугу алынганга же жоюлганга чейин жаңы кылмыш жасаган жактар Р. катары эсептелет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү