Ризосфера (гр. риза-тамыр, сфера-тоголок) - тамырды курчап турган топуракта (2-3 мм аралыгы) тиричилик өткөргөн микроорганизмдердин коому. Бул жерде микроорганизмдердин саны, топуракка салыштырмалуу 100 эсеге көп. Алар өсүмдүктүн тамыр бөлүп чыгарган ар түркүн орг. заттар менен азыктанат. Р. микроорганизмдери өсүмдүктү минералдык заттар камсыздандырат жана гумустук кошулмалар менен камсыздандырат. Андан тышкары, алар гетероауксин, гибберилинге окшош кошулмаларды, витаминдерди, аминокислоталарды, ферменттерди жана башка заттарды ризосферага болуп чыгарышат. Бул заттар өсүүнүн стимуляторы катары эсептелинет жана тамырдын азыктануусуна жардам берүү менен бирге өсүмдүктөгү ферментативдик жана зат алмашуу процесстерин күчөтөт.

Ризосфера:
A=Амёба; BL-BU=Бактериялар‎; RC-SR=Тамыр; F=Козу карын; N=Жумуру курттар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү