РИМ ТЫЙЫНДАРЫ. 1–2-кылымда Рим империясында алтын ауреус (салмагы 8 г ), күмүш денарий (3,4 г), жезден жасалган сестерций, дупондий жана асс деп аталган тыйындар колдонулган. 1 ауреус – 25 денарийге – 100 сестерцийге – 200 дупонийге – 400 асска барабар болгон. Бир күнгө жалданып иштеген мардикердин эмгек акысы 3 сестерцийди түзгөн. Ушул баага 1 модий (8 кг) эгин сатып алууга мүмкүн болгон. Кулду 1200 сестерцийге же 12 ауреуска сатып алышкан. Б.з. 1-кылымдан Орто Азияга Рим тыйындары келе баштайт. Кыргызстанда алар Ысык-Көл жээктеринен табылган. Рим тыйындарынын келиши Жибек жолу боюнча соода кербендеринин өтүшү менен тыгыз байланыштуу.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.