Рим цифралары – Байыркы Римде пайда болгон сандарды белгилөөчү шарттуу белгилер (же эсептөө системасы). Б. з. ч. 500 жыл мурун этрусктарда пайда болгон. Ал кошуу жана кемитүү принцибине негизделген. Натуралдык сандарды белгилөө үчүн 7 тамга колдонулган: 1—1; V-5; Х-10; L-50; С-100; D-500; М-1000. Рим цифраларынын жардамы менен сандарды жазуу эки принципте жүргүзүлөт: 1) I, X, С белгилери чоң белгилердин сол жагына келсе, 1, 10, 100гө азайтылып (1Х=9), ал эми он жагына келсе, 1, 10, 100гө кошулуп жазылат (XI=11). Мисалы, 2012 саны. Эки миң MM, он X, эки II. бирге жазсак: MMXII. 2) Калган сандар белгилерди кайталоо менен жазылат. Рим цифралары курултайларды, пленумду, китептин бөлүмдөрүн (глава) ж. б. белгилөөдө колдонулат.

Рим цифраларын колдонгон саат

Колдонулган адабияттар түзөтүү