Ричард Меттү Столлман (англ. Richard Matthew Stallman; 1953-жылы 16-мартта туулган) — көп учурда өз атынын рмс деген баш тамгалары менен белгилүү америкалык программа эркиндигин коргоочу жана программист. Колдонуучулар программаны пайдалануу, изилдөө, бөлүштүрүү жана өзгөртүү эркиндиктерине ээ болушу үчүн күрөшүп келет. Бул эркиндиктерди камсыз кылган программа эркин программа деп аталат. Столлман GNU Project ишке ишке киргизип, Free Software Foundation'ди негиздеген, GNU компиляторун жана GNU Emacs'ты иштеп чыккан, ошондой эле GNU General Public License'ти жазган.

Ричард Столлман (2014).

Столлман толугу менен эркин программадан куралган Unix сыяктуу компүтер операциондук системасын жаратыш үчүн GNU долбоорун 1983-жылы сентябрда ишке киргизген. Муну менен ал эркин программа кыймылына дагы чыйыр салган. Ал GNU долбоорунун алдыңкы архитектору жана уюштуруучусу болуп келет. GNU программасында кеңири колдонулган GNU компилятор, GNU Debugger жана GNU Emacs текст редактору сыяктуу бөлүктөрдү иштеп чыккан. 1985-жылы октябрда ал Free Software Foundation'ди негиздеген.

Столлман копилефт түшүнүгүнө чыйыр салган. Ал эркин программаны колдонуу, өзгөртүү жана таратуу укугун сактап калуу үчүн копирайт принциптерин пайдаланат. Ошондой эле ал ошол шарттарды сүрөттөгөн эркин программа лицензияларынын башкы автору болуп эсептелет. Алардын эң көрүнүктүүсү кеңири колдонулган эркин программа лицензиясы GNU General Public License (GPL) болуп саналат.

1989-жылы ал "Программалоо эркиндиги үчүн лигасын" түзгөндөрдүн бири болгон. 1990-жылдын ортосунан бери Столлман убактысынын көбүн эркин программа үчүн күрөшүү менен өткөргөн. Ошондой эле ал программаны патенттөөгө, санарип чектөө башкаруусуна, колдонуучунун эркиндиктерин алып салган мыйзамдуу жана техникалык системаларга каршы үгүт жүргүзгөн. Ага программанын лицензиялык келишими, ачыкка чыгарбоо келишимдери, жандантуу ачкычтары, коргоочу ачкычтар, көчүрмө чектөөлөрү, менчик түрлөрү жана булак коду жок бинардык ишке ашырмалар кирет.

2016-жылга карата ал он беш ардактуу доктор жана профессор наамдарын алган.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү