Роберт Жон Дауни (кичүүсү) (англ. Robert John Downey Jr.; 1965-жылы 4-апрель) – америкалык актер. Жаш кезинде актердун оюну киносынчылар тарабынан жогору бааланып популярдуу болгон, бирок андан кийин баңгизаттарды кыянаттык менен колдонуп мыйзамга байланыштуу кыйынчылыктарды башынан өткөргөн, орто жашына гана келгенде актер финансылык ийгилигинин кайрадан калыбына келтирген. 2012-2015-жылдары актер Forbes журналдын "Иш акысын көп алган Голливуд актеру" тизмесине үч жыл катары менен кирген, актердун 2014-2015-жылдар арасында иштеп тапканы болжол менен 80 миллион долларга барабар болгон.

Актер беш жашында атасынын "Фунт" (англ. Pound, 1970) аталышындагы тасмасында тартылган, кийин актер Brat Pack жаш актерлор тобу бенен байланган тасмаларда тартылган, алар: "Бир кызыктай илим" (англ. Weird Science, 1985) жана "Нөлдөн төмөн" (англ. Less Than Zero, 1987). 1992-жылы актер "Чаплин" (англ. Chaplin) тасмада башкы каармандын ролун аткарып "Оскар" сыйлыктын "Эң мыкты актер" номинациясынын талапкери болгон жана BAFTA сыйлыктын "Эң мыкты башкы актер" номинациясынын жеңүүчүсү болгон. 2000-жылы актер Калифорния штатынын багизаттан көз каранды адамдардын ооруканасы жана түрмөсүнөн чыгып "Элли Макбил" (англ. Ally McBeal) телесериалда Калиста Флокхарттын сүйгөнүнүн ролун аткарган. Бул роль үчүн актер "Алтын глобус" сыйлыгына татыган. Актер аткарган каармандын ролу Даунинин баңгизит колдонуп эки жолу камакка түшкөнүнөн соң иштен чыгарылган учурда, 2000-жылдын аягында 2001-жылдын башында жазылган. Дауни оорукананын камагына акыркы жолу алынганында эстүүлүккө келген.

Даунинин актердук кесиби "Зодиак" (англ. Zodiac, 2007) жана "Күн күркүрөгү тропиги" (англ. Tropic Thunder, 2008) тасмаларда тартылганы менен өркүндөй баштаган, актердун акыркы тасмадагы оюну "Оскар" сыйлыктын "Эң мыкты экинчи пландагы актер" номинациясынын талапкери кылган. 2008-жылдан баштап актер "Марвел" комикстин Темир адам каарманынын аткаруучусу болуп, Marvel Cinematic Universe ааламында тартыла баштаган, ошентип Дауни бир канча тасмаларда башкы, экинчи пландагы жана камео эпизодтук ролдордо тартылган. Ушул тасмалардын ар бирөөсүнү 500 миллион доллардан ашык кассалык чогултууларды жыйнаган, алардын ичинен төртө: "Өч алгычтар" (англ. The Avengers), "Өч алгычтар: Алтрон доору" (англ. Avengers: Age of Ultron), "Темир адам 3" (англ. Iron Man 3) жана "Капитан Америка: Жарандык согуш" (англ. Captain America: Civil War) тасмалары 1 миллиард доллардан ашык кирешеге ээ болгон. Дауни Гай Ричинин "Шерлок Холмс" (англ. Sherlock Holmes, 2009) тасмасында жана анын уландысында (2011) башкы каармандын ролун аткарган.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү