Роберт Энтони Плант (англ. Robert Anthony Plant; 1948-жылы 20-август) - англиялык ырчы, ыр жазуучу, музыкант Led Zeppelin рок-тобунун негизги ырчысы жана ырларынын автору катары таанымал.

Катуу жана бийик үнү (өзгөчө анын үнүнүн бийиктигинде байкалат) 50 жылдан ашык чыгармачылык ишинин кепили болгон. Плант рок-н-ролл тарыхынын эң мыкты ырчысы, ал Фредди Меркүри, Эксл Роуз жана Крис Корнелл сыяктуу ырчыларга таасирин берген. 2006-жылы Hit Parader журналы Плантты "Эң мыкты металл жанрынын вокалисти" деп атаган. 2009-жылы Planet Rock сырамжылоосу боюнча Плант "Рок музыкасынын эң мыкты үнү" болуп аталган. 2008-жылы Rolling Stone журналынын редакторлору аны "100 эң мыкты ырчылар" тизмесинде 15-орунду берген. 2011-жылы Rolling Stone журналынын окурмандары Плантты "Эң мыкты негизги ырчы" деп табышкан.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү