Рождество учурунда ырдалган ыр

"Рождество учурунда ырдалган ыр" (англ. A Christmas Carol in Prose, Being a Ghost-Story of Christmas, адатта A Christmas Carol) - 1843-жылы Лондондо Chapman & Hall басмаканасында жарык көргөн Чарльз Диккенстин новелласы. Романда Эбинейзер Скруж аттуу картайган сараң абышканын окуясы баяндалат. Бир күнү абышкага анын мурунку бизнес өнөктөшү Яков Марлинин арбагы келет, андан кийин, өткөн, учурдагы жана келе жаткан Рождествонун элестери абышкага анын үч жашоо мезгилдерин көрсөтөт. Алардын келип кеткенинен кийин Скруж жумшак жака ак көңүл кишиге айланат.

Рождество учурунда ырдалган ыр.

Диккенс "Рождество учурунда ырдалган ыр" новелласын, Британиянын байыркы Рождествонун ырларды ырдоо салтын жана елканы кооздо сыяктуу жаңы салттарын сынап изилдеген учурда жазган. Жазуучунун турмуштук тажрыйбасы жана Вашингтон Ирвинг менен Дуглас Жеррольддун Рождество жөнүндө жазылган окуялары ага новелла жазууга өзгөчө таасир берген. Новелладан мурун Диккенс үч рождестволук окуя жазган, аларды жазуучу Лондондогу ачка жана билимсиз балдарга арналган Field Lane Ragged мектебине баргандан кийин, таасирленип жазат. Колунда жокторго мамиле кылуу жана керт башынын пайдасын ойлогон кишинин өзүнүн күнөөсүн жууп жагымдуу каарманга айлануусу окуянын ачкыч темалары болуп эсептелет. Окумуштуулар новелланын толук кандуу секулярдык окуя болбой христиандык аллегория болгонун талкуулашкан.

Китептин биринчи басылышы Рождествонун астында, 19-декабрда сатылып бүткөн, 1844-жылдын аягына чейин 13чү басылышы жарыкка чыккан. Көптөгөн сынчылар новелланы жылуу кабыл алган. Бул окуя 1844-жылдын январында уруксат берилбеден көчүрүлүп, Диккенс басма ээсине каршы чара көрөт, ушул окуядан улам Диккенстин китептин сатылышынан алган кирешеси азайган. Кезектеги жылдары Диккенс төрт башка рождестволук окуя жазган. 1849-жылы жазуучу окуяларын сахнага чыгып окуган, бул идеясы ушунчалык ийигиликтүү болгонунан, Диккенс өлүмүнө чейин (1870-жылы) окуяларын 127 жолу окуган. "Рождество учурунда ырдалган ыр" басылып чыкпай калганы болгон жок, ал көптөгөн тилдерге которулуп, тасма, сахна, опера жана башка медияларга адаптацияланган.

"Рождество учурунда ырдалган ыр" новелласында орто Виктория заманындагы рождестволук майрамдардын кайра жаралуусу чагылдырылат. Үй-бүлөө менен чогулуулар, мезгилдүү тамак-аш жана суусундук, бийлер, оюндар жана марттык шаабайы сыяктуу Рождествонун аспектилерин заманбап батыш майрам тосуусу салтына таасир кылган.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү