Росси Карл Иванович [италиянча Carlo di Giovanni Rossi;18 (29). 12. 1775, Неополитан королдугу, Неаполь шаары – 6 (19). 4. 1849, Россия империясы, Санкт-Петербург шаары] –архитектор. Соңку классицизимдин өкүлү. Петербургда шаардын архитектуралык ажарын ачкан бир катар монументтүү ампир ансамблдери: Орус музейи (мурдагы Михаил сарайы, 1819–25), Искусство аянты жана алардын астындагы Бродский көчөсү менен кошо, Сарай аянты мурдагы Башкы штабдын (1819–29) имараттары жана аркасы менен кошо, Александр театрынын (Совет учурундагы Ленинград академиялык драма театры) ансамбли (1816–34) Островский аянты менен кошо, архитектор Росси көчөсү жана Ломоносов аянты ж. б. бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү