Росцелин (фр. Jean Roscelin, 1050—1120-ж. ченде) — номинализмдин эң биринчи өкүлдөрүнүн бири. Компьенде туулуп (Франция), ошол жерде каноник болот. Анын эч кандай чыгармасы сакталып калган эмес, анын көз караштары оппоненттери Ансельм Кентерберийскийдин, Абелярдын жана башкалардын Росцелиндин чыгармалары боюнча жазган сын пикирлеринен улам белгилүү.

Росцелиндин көз карашы төмөнкүчө: анын пикири боюнча жеке нерселер гана обьективдүү түрдө бар болуп жашап турат. Ал эми универсалийлер деп аталуучу жалпы түшүнүктөр болсо алар бар болгону аталыштар — ноумендер гана. Багыттын аталышы — номинализм мына ушундан келип чыккан. Росцелиндин философиялык көз карашы номиналисттик концепцияны бир кыйла толук түрдө берет.

Номинализм багыт катарында гносеологияда антик мезгилинде эле пайда болгон, бирок Орто кылымдарда гана ал өз алдынча философиялык агым болуп калыптанат. Реализм жана номинализм бүткүл схоластикалык философия үчүн башкы нерсе болуп саналган маселеде — жалпы түшүнүктөрдүн жаратылышы жөнүндөгү теориялык талаш-тартышта аша чапкан позицияларды тутушат.

Росцелин аша чапкан номинализм позициясында туруп, универсалийлер, башкача айткандажалпы түшүнүктөр — бул бар болгону «үндүн добуштары» гана, алар жеке нерселер менен эч кандай байланышпайт деп эсептеген. Росцелиндин пикири боюнча, жалпы түшүнүктөр тилде гана калыптанат, ал эми чындыгында белгилүү бир касиеттерге ээ болгон айрым жеке предметтер гана бар. Ошентип жалпылык эч кандай обьективдүүлүккө ээ эмес. Жалпылык кала берсе адамдын акылында да обьективдүүлүк катарында таанылбайт.

Аша чабуучу номинализмден башка да орто заар номинализм бар, буга ылайык жалпылык өз алдынча жашабаса да нерселерде бар болуп камтылып турат, ушунун негизинде сөздө жалпы түшүнүк калыптанат.

Росцелин өзүнүн номинализм концепциясын үчилтик жөнүндөгү христиан догматын талдоого колдонот. Росцелиндин пикири боюнча, жалпылык эч кандай өз алдынча жашап турбаган соң бир эле убакта үч кудайдын бейнесин бириктирип, бир бүтүндү түзүп турган теңирлик субстанция да болушу мүмкүн эмес. Өз алдынча жашап турган үч Кудай бар. Өзүнүн концепциясы менен Росцелин диний окуунун негизги догматтарынын бирин четке каккан. Ошондуктан, чиркөө 1092-жылы Суассондогу өзүнүн соборунда Росцелиндин үч кудай жөнүндөгү окуусун эресчилик деп таап, философту андан баш тартууга аргасыз кылат.

Росцелиндин номинализминде айрым жеке предметтердин обьективдүү бар болуп жашап тургандыгын таанууга умтулуу өз чагылышын тапкан. Ошол эле убакта жалпы түшүнүктөрдүн да бар экендигин тануу субьективдүү корутундуларга алып келген.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү