Ротор (латынча roto – айланам) – машинанын, демейде статордун ичине жайгашкан айлануучу тетиги. Ротор электр жана кээ бир ичинен күймө кыймылдаткычтарда, турбина, желдеткич, компрессор, насостор менен автоматтар жана жумушчу органы Ротор болуп эсептелген бардык машиналарда болот. Мисалы, гидротурбинанын Ротору жумуш аткаргыч дөңгөлөк менен валдан турат жана суунун механикалык энергиясын айланып турган валдын энергиясына айландырып, ал энергияны гидрогенератордун Роторуна берет. Ал эми электр машиналарында Ротор электр энергиясын механикалык энергияга айландырып, аны жумуш аткаргыч механизмге берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү