Ротордук бургулоо – айландырып бургулоонун бир түрү; мында жер бетинде жайгаштырылган ротордун бургулагыч колоннасынын скважинадагы көзөөчтү айландыруусу аркылуу бургуланат. Ротордук бургулоо жардыруу, чалгындоо жана эксплуатациялык скважинаны бургулоо үчүн колдонулат. Кыймылга келтиргич горизонталь вал аркылуу кыймылдаткыч (электр, газ трубиналуу, ичинен күймө ж. б.) роторду айландырат. Бургу түтүгү менен көзөөчтүн ортосуна салмактуу бургулоочу түтүк орнотулат. Жумуш аткаргыч жог. түтүк ротор аркылуу өтүп, ал уячага (вертлюг) туташтырылат. Ротордук бургулоо тереңдеген сайын кошумча түтүк кошулуп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү