Рояль (фр. royal – король, королдук) – кылдуу урма-клавишалуу музыкалык аспап. Фортепьяно түрү. Роялдын кылы, декасы (тээги) жана механикасы горизонталь абалда жайгашкан. Роялдын тулкусу канат түспөлүндө. Роялдар клавиатурасынын өлчөмү жана добуш көлөмү менен айырмаланып, «миньон» же кабинеттик (7 октава) жана концерттик (8 октава) болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү