Рубай (ар.—төрттүк) — төрт гана саптан турган, көбүнчө а-а-б-а жана а-а-а-а формасында уйкашкан лирикалык ырлар. Рубаилер араб, парсы-тажик, өзбек тилдеринде жазылып, философиялык, сүйүү, дииий мазмунга ээ болгон. Ар кандай эле ыр, эгер төрт саптан турса, рубай боло бербейт, ал үчүн жалпылаштырылган философиялык ойдун болушу зарыл. Чыгыш элдеринин классикалык поэзиясында абдап кеңири тараган Рудаки, Омор Хайям, Жами, Папой ж. б. акындардын лирикасынын көпчүлугүн рубаилер түзөт. Чыгыш поэзиясын изилдөөчүлөр рубаинин 4 элементтен турарын белгилешип жүрөт. Биринчи сап тезис деп аталат да, автор рубаисинде айта турган пикирди ортого таштайт, б. а. чыгармасынын темасын белгилеп алат, экинчи антитезис деп аталган сапта болсо, биринчи сапка карама-каршы пикир айтылат, үчүнчү рубан деген сапты акын төртүнчү сапта айтуучу жыйынтыгы үчүн көпүрө катары колдонот, төртүнчү сап синтез деп аталат, мында бардык саптардан негизги идея чыгарат. Рубаинин бул эрежелери Омар Хайямдын (1040—1123) чыгармачылыгында өтө чеберчилик менен ишке ашырылган. Мисалы:

Башкарган жамы журтту үч-төрт эшек,
Мансапты бардыгынан бийик сезет.
Эшекче сүйлөшпөсөң алар сени,
Каралап эл алдында «акмак» дешет.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү