Башбаракты ачуу

Руда - составында казып жана бөлүп алууга арзырлык металл же металл бирикмелери бар табигый минералдардын чогундусу.

Руда металл жана металл эмес болуп экиге бөлүнөт. Металл эмес Руда ларга асбест, барий, күкүрт, графит, корунд, пьезокварц ж. б. кирет. Текстурасына (руданы түзүүчү минералдардын жайгашуусуна) карата массивдүү, жол-жол, алабула, тарамча, темгил, чачыранды, чыбыр чаар Руда болуп бөлүнөт. Структурасы боюнча бир өңчөй, текши эмес, оолит, порфир, бүртүкчөлүү Руда деп аталат. Үбөлөнбөгөн тоо тектерде кездешсе - чуду; суу, көл, деңиз үбөлөгөн борпоң чөкмөлөрдө болсо чачынды Руда делет.

Руда бир минералдан турса - мономинералдуу, баалуу бир нече минералдан турса полиминералдуу Руда деп аталат.

Составындагы баалуу компоненттерге карай бай, орт., жарды Руда болуп айырмаланат. Жаратылышта пайда болуу шартына карай негизинен экзоген, эндоген жана метаморфоген Рудаларына ажыратылат.

Руданын иштетүүгө жарактуулугу технол. сыноолордон өткөрүү же салыштыруу жолу менен аныкталат. Андагы баалуу компоненттердин минералдык запасы, саны, зыяндуу кошундулардын зыян келтирбөөчү максималдык саны өнөр жайлык кондиция деп атаып, Руданы иштетип чыгаруунун ырааттуулугун аныктайт.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.