Рудольф Лүдвиг Мессбауэр (нем. Mößbauer; 1929-жылы 31-январь – 2011-жылы 14-сентябрь) – 1961-жылы физика жаатындагы Нобель сыйлыгына татыган 1957-жылкы кетенчиктөөсүз өзөктүк резонанстык флюоресценсиянын ачылышы менен таанымал болгон немис физиги. Бул эффект Мессбауэр эффектиси деп аталган, ал Мессбауэр спектроскопиясынын негизи болуп эсептелет.

Рудольф Мессбауэр.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Илимий ишмердиги түзөтүү

Мессбауэр Мүнхенде туулган жана Мүнхен техникалык университетиде физика адистигин окуган. Окумуштуу дипломдук ишин Хайнц Майер-Лейбниц теориялык физика лабораториясында даярдап 1955-жылы университетти аяктаган. Кийин ал Гейдельбергтеги Макс Планк атындагы медицина изилдөөлөрдүн институтуна окууга өткөн. Институт кайсы бир университеттин жааматына кирбегенинен улам доктор окумуштуулук даражасын берүүгө укугу жок болгон, Мессбауэр Майер-Лейбництин жетекчилиги астында жүрүп, 1958-жылы Мүнхенде кандидаттык сынагын бергенинен соң, Майер-Лейбниц окумуштуунун диссертациясынын официалдуу кеңешчиси болгон.

Доктордук диссертациясын даярдап жатканында окумуштуу гамма-шоолалардын кетенчиктөөсүз өзөктүк резонанстык флюоресценсиясын 191 иридийде тапкан, кийин ал Мессбауэр эффектиси болуп аталган. 1960-жылы, Роберт Паунд менен Глен Ребка Жердин гравитациялык талаасындагы гамма-шооланудагы кызыл жылышууну Мессбауэр эффектиси аркылуу далилдегендери менен соң окумуштуунун атак-даңкы өзүнүн туу чокусуна жеткен. Ушул Паунд-Ребканын эксперименти Альберт Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясынын эң биринчи так эксперименталдык сынагы болгон. Бирок Мессбауэр эффектисинин узак мөөнөттүү маанилүүлүгү анын Мессбауэр спектроскопиясынын колдонуусунда табылат. Рудольф Мессбауэр Роберт Хофштадтер менен бирге 1961-жылы физика жааматындагы "Нобель" сыйлыгына татыган.

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү