Рухийлик (Философия) –

  1. материалдуу эместик, денесиз ички кубулуш;
  2. илхамдуулук; чыгармачылык шыкка бөлөнгөндүк, рухий жаратуучулук;
  3. адамдын руханий жөндөмдүүлүгүнүн гармониялуу өнүгүш процесси.

Диний философиялык мааниде Рухийлик; а) рухтун абалы; рухтан гана куралган нерсе; б) руханий мекемелерге гана тийиштүүлөр (диний уюмдар, дин окуу жайлары); в) кудай рухунун адамда катышы; жандын кандайдыр бир «тышкы рух» менен болгон түздөн түз байланышы (рухка берилүүчүлүк, жандын кудай рухунун образы (эйдос, күзгү) боло алчу негизги касиети).

Диний эмес, материалистик түшүнүктө Рухийлик көпчүлүк учурда адамдардын маданияттын бийик үлгүлөрүнө жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өркүндөтүүгө умтулууларын түшүндүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү