Рымник салгылашы (1789) - орус-осмон согушунда (1787-91) осмон армиясынын башкы күчтөрүнө (100 миңге жакын аскер) каршы А. В. Суворовдун командачылыгы менен орус аскер отряды жана австриялык корпустун (бардыгы 25 миң адам) 1789-ж. 11(22)-сентябрда Румыниядагы Рымник дарыясынын жанындагы беттешүүсү.

Осмон армиясынын чачыранды жайгашуусунан пайдаланган Суворов аларды бөлүп-бөлүп талкалаган. Рымник салгылашы 1789-жылдагы согуш кампаниясынын ийгилигин шарттаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.