Рытхэу Юрий Сергеевич (8. 3. 1930-жылы туулган, Чукча автономия округу, Уэлен посёлкасы) – чукча совет жазуучусу. Ленинград мамлекеттик университетинин адабият факультетинде окуган (1949–54). Чыгармаларын 1947- жылдан жарыялай баштаган. Анын «Биздин жээктин адамдары» (1953), «Адам аты» (1955), «Чукча сагасы» (1956) ж. б. аңгемелер жыйнактары, «Көктөм» (1958–67) үчилтиги, «Кичине коёндор өрөөнүндө» (1962), «Айвангу» (1964), «Эң кооз кемелер» (1967), «Туман каптардагы түш» (1969), «Ирегедеги бубак» (1970), «Гарпунчу аял» (1971) сыяктуу роман, повесть, очерктери жана киносценарийлери бар. Буларда чукча элинин өткөндөгү жана азыркы турмушу, социалисттик маданиятка өтүшү баяндалат. Чыгармалары чет тилдерге (кыргыз тилине да) которулган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү