Рыцарлар - орто кылымда Батыш жана Борбордук Европа өлкөлөрүндөгү бардык ак сөөк феодалдардан (кең мааниде Рыцарлар) же майда феодалдардан (тар мааниде Рыцарлар) турган социалдык категория.

Рыцарлар аскердик кызмат өтөгөнү үчүн сеньорлордон (ири жер ээлеринен) жер алган. Рыцарлар дын негизги жумушу согуш, башка өлкөлөрдүн жерин каратуу (мисалы, крест казаттары) жана дыйкандар менен шаар калкынын көтөрүлүшүн басуу болгон. Дыйкандарды эзүүдөн, феод, согуштун олжолорун бөлүштүрүүдөн, көпөстөрдү карактоодон киреше алышкан.

Рыцарларга эрдик, тартынбастык, христиан чиркөөсүн жана анын кызматкерлерин коргоо милдет катары саналган. Рыцарлар ды тарбиялоого өзгөчө көңүл бурулган: аларды 7 жашынан атка минүүгө, шпага саюуга, жаа тартууга жана христиан динине үйрөткөн. Турнир (согушуу ыкмаларын сыноочу мелдеш) Рыцарларды даңазалоонун бирден бир жолу болгон: анда жеңгендер данкталып, акчалай сыйлык алган.

Рыцарлар 11-14-кылымда өтө гүлдөгөн. 14-кылымдын аягында феод, мамилелердин ыдырашына жана тез атылма куралдардын таралышына, замбиректердин (Рыцарлар замокторун талкалаган), туруктуу армиянын пайда болушуна байланыштуу Рыцарлардын ролу төмөндөгөн. 16-17-кылымда алар ак сөөк катмарына айланган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.