Рыцарлар көтөрүлүшү (1522-23)

Рыцарлар көтөрүлүшү (1522-23) - жакыр немис ак сөөктөрүнүн князь бийлигине каршы көтөрүлүшү.

Ал Германияда Дыйкандар согушу (1524-26) болор алдындагы жалпы элдик реформациячыл кыймылдын жогорулаш шартында рыцарлардын экон. жана саясий абалынын начарлаганынан чыккан. 1522-ж. Ф. фон Зиккинген баштаган рыцарлар аскери Трирдин архиепископу менен курфюрстуна каршы аттанган. Бирок аларды шаар калкы жана рыцарлардын көпчүлүгү колдобогон соң княздардын аскеринен жеңилген. 1523-ж. Зиккинген оор жарадар болуп, Рыцарлар көтөрүлүшүнүн активдүү катышуучулары куугунтукталып, көтөрүлүш басылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.