Рэйф Натаниел Твислетон-Викехам-Файнс (англ. Ralph Nathaniel Twisleton-Wykeham-Fiennes; /ˈreɪf ˈfaɪnz/; 1962-жылы, 22-декабрда туулган) - англиялык актер, режиссер жана продюсер. Ал Шекспирди интерпретациялоо менен Роял Улуттук Теартрдын сахнасында ийгиликке жеткен.

"Шиндлердин тизмеси" (англ. Schindler's List, 1993) тасмасында Файнс фашисттик кылмышкер - Амон Гөттун ролун аткаргандыгы үчүн "Оскар" сыйлыгынын жана "Алтын Глобус" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" наамына көрсөтүлүп, "BAFTA" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" наамын жеңип алган. Ал ошондой эле "Англис бейтап" тасмасындагы Каунт Элмасинин ролун аткаргандыгы үчүн экинчи ирээт "Оскар" сыйлыгына, ошондой эле "BAFTA" жана "Алтын Глобус" сыйлыктарынын "Эң мыкты актер" наамына көрсөтүлгөн.

Андан бери Файнс "Сынак берүүсү" (англ. Quiz Show, 1994), "Кызыктай күндөр" (англ. Strange Days, 1995), "Мамиленин бүтүшү" (англ. The End of the Affair, 1999), "Кызыл ажыдаар" (англ. Red Dragon, 2002), "Берилген багбан" (англ. The Constant Gardener, 2005), "Бругда" (англ. In Bruges, 2008), "Окуучу" (англ. The Reader, 2008), "Титандардын таймашуусу" (англ. Clash of the Titans, 2010), "Чоң үмүттөр" (англ. Great Expectations, 2012) жана "Грэнд Будапешт мейманканасы" (англ.The Grand Budapest Hotel, 2014) сыяктуу көрүнүктүү тасмаларда роль жаратып келет. Ошондой эле ал "Египет канзадасы" (англ.The Prince of Egypt, 1998) тасмасында Рамзестин үнүн жана "Лего Бэтмен" (англ. The Lego Batman) тасмасында Алфред Пенниворттун үнүн коштогон. Файнс ошондой эле "Гарри Поттер" (англ. Harry Potter, 2005–2011) тасмаларында зөөкүр Лорд Волдеморттун ролу менен, 2012-жылда чыккан "Скайфолл" (англ. Skyfall) тасмасынан кийин "Жеймс Бонд" (англ. James Bond) чыгарылыштарында Гарет Мэллори/М ролу менен кеңири таанымал.

2011-жылы ал Шекспирдин трагедиялуу "Кориоланус" чыгармасынын негизинде дебюттук тасмасын тартып, тасмада өзү роль жараткан. Файнс Бродвейде "Гамлет канзааданын" (англ. Prince Hamlet) ролун аткаргандыгы үчүн "Тони" сыйлыгын жеңип алган. 1999-жылдан бери, Файнс Улуу Британиядагы ЮНИСЕФке элчи катары кызмат кылат. Учурдагы Улуу Британиянын заманбап жана талапка ээ актерлорунун бири катары, 2017-жылы Дебреттин "Улуу Британиядагы эң таасирдүү адамдар" тизмесине кирген.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү