Рязань княздыгы - Ортонку Ока жана Жогорку Дон аймагындагы орус феод, княздыгы.

Борбору - Эски Рязань, 14-кылымда Переяславль-Рязань шаарына көчүрүлгөн.

Рязань княздыгы Муром-Рязань жеринен 1129-ж. бөлүнгөн. 13-кылымдын башында Владимир-Суздаль княздыгына көз каранды болгон. 1237-ж. монгол-татарлар караткан. 14-15-кылымда үстөмдүктү ээлөө үчүн Москва Улуу княздыгына каршы күрөшкөн. 1521-ж. Москвага биротоло кошулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.