ССРС жогорку даражадагы көрүнүктүүлүк белгилери

Наамдар түзөтүү

Медаль менен тасма Аталышы Түзүлгөн күнү Жобосу Сыйлангандардын саны Калыбы
 


Советтер Союзунун баатыры

16 апрель 1934 Советтер Союзунун Баатыры — Советтер Союзунда 1934 – 91 ж мамлекет үчүн эрдик көрсөткөн жарандарга ыйгарылган эң жогорку даражадагы наам. ССРС БАКтын 1934-жылдын 16 апрелиндеги токтому менен бекитилген. Советтер Союзунун баатыры наамы ССРС Жогорку Кеңешинин Президиумунун жарлыгы менен ыйгрылат. Советтер Союзунун баатыры наамына татыган адамдарга Ленин ордени, Алтын жылдыз медалы жанан ССРС Жогорку Кеңешинин Президиумунун грамотасы тапшырылат. Наамды 2-чи жолу алгандар экинчи «Алтын Жылдыз» медалы тапшырылып же Социалисттик эмгектин баатыры наамын алгандын туулган жерине Баатырдын коло бюсту тургузулган. Ал эми 3-чү жолу алгандарга арналып бюст Москва шааарына коюлган. 12 776 Советтер Союзунун бааатыры
 


Социалисттик эмгектин баатыры

27 декабрь 1938 Социалисттик эмгектин баатыры наамы ССРСтин айыл-чарба жана коммдук-мамданияттык курулуш тармактарындагы өзгөчө салымдары үчүн ыйгарылган. Наам ССРС Жогорку Кеңешинин Президиумунун 1938-жылдын 27-декабрындагы указы менен бекитилген. Социалистттик эмгектин баатырларына Ленин ордени, алтын Орок менен балка медалы жана ССРС Жогорку Кеңешинин Президиумунун грамотасы тапшырылган. Наамды 2-чи жолу алгандар экинчи «Алтын Жылдыз» медалы тапшырылып же Советтер Союзунун баатыры наамын алгандын туулган жерине Баатырдын коло бюсту тургузулган. Социалисттик эмгектин баатры наамына биринчилерден болуп И. В. Сталин алган. 20 542 Социалисттик эмгектин баатыры
 


Баатыр эне

8 июль 1944 Баатыр эне наамы жогорку даражадагы көрүнүктүүлүк белгиси болуп, он же андан ашык бала төрөп тарбиялаган эненлерге ыйгарылат. «Баатыр эне» наамын акыркы баласы бир жашка толуп, жана калган балдары тирүү болгондо гана тапшырылат. Баатыр эне наамына татыган энелерге Баатыр эне ордени жана ССРС Жогорку Кеңешинин Президиумунун грамотасы тапшырылат. Баатыр эне наамын биринчи жолу 1944 жылы 27-октябрьда ССРС Жогорку Кеңешинин Президиумунун Указы менен он төрт аялга ыйгарылган. 454 142 Баатыр эне наамы
 


Баатыр-шаар, (Баатыр-чеп)

8 мая 1965 «Баатыр-шаар», (Баатыр-чеп) наамы 1941-1945 жж. Улуу Ата Мекендик согушта кайсы шаардын тургундары мекенди коргоодо баатырдык жана эрдик көрсөтсө, ошол тургундар жашаган Советтик Союздун шаарына ыйгарылган. Наамга татыган шаарга Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы жана ССРС Жогорку Кеңешинин Президиумунун грамотасы ыйгарылган. БААТЫР-шаарда Ленин орденинин, Алтын Жылдыз медалынын жана ССРС Жогорку Кеңешинин Указынын текстинин обелиски орнотулган. Ленин ордени жана Алтын Жылдыз медалы Баатыр-шаардын байрагына сүрөттөлгөн. 13 Баатыр-шаар

Кошумча кароого түзөтүү

Эскертүүлөр түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү