СССР композиторлор союзу

СССР композиторлор союзу (1932-57-ж. - Советтик композиторлор союзу) - советтик композиторлор менен музыка изилдөөчүлөрдүн коомдук чыгармачыл уюму.

ВКП (б)БКнын 1932-жылдын 23-апрелиндеги«Адабият жана көркөм өнөр уюмдарын кайра куруу жөнүндө» токтомуна ылайык 1932-ж. түзүлгөн. Союздун милдети - социалисттик реализм методунун негизинде жогорку идеялуу жана көркөмдүк жагынан жеткилең чыгармаларды жаратууга композиторлор менен музыка изилдөөчүлөрдү багыттоо, аларга идеялык-саясый тарбия таалим берүү жана чеберчиликтеринин өсүшүнө көмөк көрсөтүү.

1932-40-ж.Москвада, Ленинградда, союздук жана автономиялык республикаларда, кээбир обласстык борборлордо союздун уюмдары түзүлгөн. Союздун жогорку жетекчи органы - Бүткүл союздук съезд (1948, 1957, 1962, 1968, 1974).

Аткаруу органы - съезд аралыгында ишти жетектеп, жылына 1-2 жолу пленум -өткөрүүчү башкарма жана секретариат. Башкарманын ген. (кийин биринчи) секретары T. Н. Хренников(1948-жылдан).

СССР композиторлор союзунун 2036 мүчөсү болгон (1978,1-янв.). Карамагында «Советский композитор» басмасы иштеп, «Советская музыка», «Музыкальная жизнь» журналдары чыккан. Союздун алдында советтик музыканы союздук бюро жана СССР музыкалык фонду иштеген. Ленин ордени менен сыйланган (1968).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.