Саан - уй, кой, эчки, бээ жана башка малдан сүт саап алуу процесси; белгилүү бир мезгилде (бир күндө бир жолку, бир айда, бир жылда) саалып алынган сүттүн өлчөмү. Малды улам саап туруу сүттүн пайда болуусун тездетет.

Саан.
Саан орнотмолору.

Саан негизинен гипоталамус жана мээ кыртышы менен жөнгө салынуучу сүт берүү рефлекси менен ишке ашып, эки фазадан турат. Биринчи (нервдик) фазада желиндин үрпүнүн нерв учтарынын дүүлүгүшүнүн натыйжасында сфинктери бошоп, желиндин жылма булчуңдары жыйрылат, сүт цистернасы жана сүт чыгаруучу түтүктөр аркылуу сүт чыгат. Бир нече секдан кийин экинчи (нерв-гумордук) фазада гормондордун таасири менен альвеолалардын тегерегиндеги жылдызча клеткалар жыйрылып, альвеолалар кысылат, сүт цистерна менен сүт чыгаруучу түтүккө өтөт. Малдын жогорку нерв ишинин тиби жана чөйрөгө жараша шарттуу рефлекс (мисалы, саанчынын келиши) сүт берүүгө таасир этет. Уй машина же кол менен саалат. Машина менен саагандын артыкчылыгы бар: эмгек өндүрүмдүүлүгү артып, саанчы көп уйду (50 же андан да көп) тейлей алат, сүт булганбайт жана башка Желини ылаңга чалдыккан (мастит болгон, айрылган, шишиген, сезгенген жана башкалар) уй машина менен саалбайт. Уйду саарда желинди жылуу (40-45°С) суу менен жууп, жумшак чүпүрөк менен сүртөт, массаждайт. Кышында машинанын эмчекке кийгизилүүчү түтүгүн (стаканын) жылытуу керек. Саандын узактыгы уйдун ийишине жараша болот. Жакшы (тез) ийиген уйлар 4-5 (кээси 10-12) мин саалат. Уйдун сүттүүлүгү анын физиология абалына, аба ырайына, тоюттандырылышына, породасына байланыштуу. Кол менен сааганда эмчекти тутамдап кармоо керек. Мындай учурда желин оорубайт, кан айлануу системасы бузулбайт жана башка Саанды арткы эмчектен баштаган жакшы, анткени сүт желиндин арткы бөлүгүндө көп топтолот. Саанчы уй сааган кезде уйдун оң жагында отурат. Жаңы тууган уйлар (уузу тарай электе) суткасына 3 жолу саалат. Бээ саанынын бир топ өзгөчөлүгү бар. Бээнин желини анча чоң эмес, ошондуктан бээлер тез-тез саалат. Адегенде ар бир 2 саатта, сүтү азая баштаганда ар бир 3-4 саатта саалат. Бээнин энелик инстинкти күчтүү болгондуктан, тез ийибейт. Ошондуктан адегенде кулунду эмизип, анан тартып алып, бээни саап бүткөнгө чейин жанында кармап туруу керек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү