Сабаксыз буплеурум (лат. Bupleurum rosulare, Korovin ex Pimenov & Sdobn) - Көп жылдык өсүмдүк. Өзөк тамырлуу. Негизги сабагы жоон, түбүнөн бутактанган, көптөгөн сандагы, ичке, негизги сабагынан узун келген каптал бутактуу. Тамыр моюнчасынан өскөн жалбырактары тескери күрөктөй, чокусу тегерек, ичке, кыска учтуу. Сабактан өскөн жалбырактары тескери айчыктуу, учтугуй; сабактагы жалбырактары майдараак. Чатыры 6-8 нурдуу, 2-4 узундугу бирдей эмес ланцеттүү-сызгычтай же сызгычтай, чөп сымал жалбыракчадан турган ороочтуу; чатырчалары 7-14 гүлдүү, ороочтору 5 ланцеттей учтугуй жалбырактан турат. Желекчелери күңүрт-сары, кыска, теңинен бүгүлүп турат. Мөмөсүнүн узундугу 2,5-3 мм жумурткадай, ланцеттей.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июлң-августта гүлдөп, август-сентябрда мөмөлөйт.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Талас (Талас суусунун башкы нугу, Ортокошой суусунун өрөөнү), Кыргыз тоо кыркасынын түштүк беттери, Чуңкур жана Баркөл сууларынын бассейни, Чокор суусунун башкы нугу.

Өсүү шарттары түзөтүү

Аскалардын жаракалары, шагыл таштар.

Саны түзөтүү

Популяциялары өтө аз.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Себептери белгисиз.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Коргоого алынган эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Сан-өлчөмүн тактап, түр өскөн аймактарды корукка алуу.

Статусу түзөтүү

V U . Сейрек кездешкен түр. Кыргызстанда учураган тукумдун алты түрүнүн бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү