Сабактардын тематикалык планы

Сабактардын тематикалык планыокутуу процессин пландаштыруунун негизги түрүнүн бири. Пландаштырууну ишке ашыруунун алгачкы документтери катарында мектептердин окуу пландары жана программалары эсептелет да, алардын негизинде календардык, тематикалык жана күндөлүк сабактардын пландары түзүлөт.

Сабактардын тематикалык планы программанын ар бир темасынын же бөлүмүнүн маанилүү (түйүндүү) маселелерин сабактардын системасына бөлүштүрүү ишке ашырылат. Сабактардын тематикалык планы теманы дидактикалык анализдөөнүн негизинде түзүлүп, аны окуп-үйрөнүүнүн логикасын туюнтат. Программанын ар бир темасы өз-ара тыгыз байланыштагы сабактардын системасы болгондуктан, мугалим тематикалык планды түзүүдө темадагы окуу материалдарынын максатка ылайыктуу болгон удаалаштыгын ойлоштурат; теманын материалдарын сабактарга бөлүштүрөт; ар бир сабакты өтүүнүн методдорун чагылдырып, кайсыл көрсөтмө каражаттарды жана техникалык каражаттарды кандай жана качан колдонуу керек экендигин тактайт; сунуш кылынуучу мисал, маселелерди, кайталоо үчүн колдонулуучу материалдарды тандап алат.

Сабактардын тематикалык пландын бардык предметтер үчүн милдеттүү болгон бир түрдүү формасы жок. Сабактардын тематикалык планында маселен, «сабактын темасы», «окуучулардын өз алдынча иштери», «көрсөтмө куралдар жана окутуунун техникалык каражаттары», «өткөндү кайталоо» сыяктуу бөлүмдөрдөн тышкары, кошумча түрдө «предметтер аралык байланыштар», «татаалыраак маселелер» жана башкалар бөлүмдөрдү да зарылдыгына жараша кошумчалоого мүмкүн.

Окуу материалын пландаштырууда, жалпы алганда, мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор жана методикалык адабияттар жардам берет.

Сабактардын тематикалык пландардын сапаттуу түзүлүшү ар бир сабак үчүн керектүү болгон көрсөтмө каражаттарды жана приборлорду, дидактикалык материалдарды өз учурунда жана сапаттуу камдап алууга мугалимге жардам берет да, окутууну иш жүзүнө ашырууда чыгармачылык менен изденүүгө өбөлгө түзөт.

Č==Колдонулган адабияттар==

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,