Сабак (caulis) - татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн негизги органдарынын бири. Андан бутак, бүчүр, жалбырак жана башка кошумча органдар өсүп чыгат. Сабак тамырдан сууну, минералдык жана башка пайдалуу заттарды жалбыракка, гүлгө, мөмөлөргө өткөзөт. Жалбыракта фотосинтез процессинде пайда болгон органикалык заттарды тамырга жана башка органдарга жеткирет. Жашыл Сабакта фотосинтез процесси жүрүп, суу жана азык топтоого да катышат. Сабак жалбырак, гүл жана мөмөлөрдү көтөрүп, тирөөч кызматын аткарат. Алардын жер үстүндө жана жер астында өсүүчү чөп, жыгач сөңгөктүү, тик өсүүчү жана төшөлмө, жармашма түрлөрү бар. Дарактардын башкы сабагы — сөңгөк. Сабактын формасы ар түрдүү: жумуру, үч кырдуу, төрт кырдуу, көп кырдуу, жалпак (кактус) жана башка Сабактын жалбырак жана бутак өсүп чыккан жери муун, бир муундан экинчи муунга чейинки аралык муун аралыгы деп аталат. Көпчүлүк өсүмдүктөрдүн сабагы учунан өссө, айрымдарыныкы муун аралыгынын жардамы менен жооноюп өсөт. Сабактын узундугу 1-2 жиден 200- 300 мге (тропик пальмалары), диаметри 1 ж.иден 10-11 лгге чейин жетет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү