Мамарасулов Сабиткул (1911, Сузак району, Сузак кыштагы. - 1975, ошол эле жерде) - колхоз өндүрүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1948). 1940-жылдан КПСС мүчөсү. Улуу Ата Мекен согуштун катышуучусу. Эмгек жолун 1930-ж. Сузак районундагы Леняй атындагы колхоздо иштөөдөн баштаган. 1930жылдан пахта өндүрүүчү бригаданын звено башчысы. 1946-жылы ал жетектеген звено 5 га аянттын ар гектарынан 64 цден, 1947-жылы 4,76 га айанттын ар гектарынан 90,2 цден пахта жыйнап алган. 1948-59-жылдары Ленин атындагы колхоздун председатели.

Сыйлыктары түзөтүү

Социялистик Эмгектин Баатыры,Төрт Ленин ордени. Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.