Сава - Түштүк-чыгыш Европадагы дарыя. Дунайдын оң куймасы. Узундугу 945 км, алабынын аянты 95 миң км2. Юлий Альп тоолорунан башталып, Орто Дунай туздүгүнүн Түштүк чети аркылуу агат. Негизинен Динара тайпак тоосу аркылуу өтөт. Башкы куймалары: Купа, Уна, Врбас, Босна, Дрина (оң). Орт. чыгымы 1670 м3/сек. 600 кмге чейин (Сисак шаарына чейин) кеме жүрүп, транспорттук мааниси чон. Өрөөнүндө Любляна, Загреб, чатында Белград шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү