Сагак
Сагак — 1) ээк алды; 2) ээк алдынан өткөрүлүп, эки кулактагы сөйкөлөрдү туташтырып туруучу күмүш чынжыр, шуру; 3) буурчактын дан байлаган богогу; 4) аттын башына катылган жүгөн, нокто шыпырылып түшүп калбас үчүн аттын алкымынан алып байлай турган кайыш боо. Бул көбүнчө сагалдырык деп аталат. Сагакка чылбыр байланат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9