Сагынбаева Телегей (8. 6. 1902, азыркы Нарын облусу, Кочкор району, Кек-Джар кыштагы — 1981, ошол эле жер) — малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957), Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устат (1956). Баатыр эне. 1928-жылдан өмүрүнүн аягына чейин «Кочкор» асыл тукум совхозунда баш чабан болуп иштеген. 1957-жылы ар ириктен 6 кгдан, 1958-жылы 7,2 кгдан жүн кыркып алып, ар биринин тирүүлөй салмагын 76 кгдан мамлекетке тапшырган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1955- 67). Ленин ордени менен сыйланган. Ал жөнүндө С. Өмүрбаев 1955-жылы «Телегей» романын жазган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү