Сагынбаев Каныбек (11. 11. 1985-жылы туулган, Фрунзе) - спортчу (бильярд). КРдин эмгек сиңирген спортчусу жана эл аралык спорт чебери. Дүйнөнүн үч жолку (2007-10), КРдин көп жолку, жаштар арасында дүйнө чемпиону. Эл аралык турнирлердин, Евразия чемпионатынын 4 жолку (2003-06) жеңүүчүсү. Пальмира (2006-08) жана Азия кубогунун коло (2004) жана күмүш (2002) медалдарына арзыган. Бильярд менен 8 жашынан бери машыгат. 13 жашында КРдин чемпиону болгон. Бильярддын динамикалык, комбинацияланган түрү боюнча адис. Бир нече жолу жылдын мыкты спортчусу аталган. Ч. Айтматов атынан жаштар сыйл. лауреаты (2011).

Колдонулган адабияттар түзөтүү