Садыков Самат
Самат Садыков (8. 5. 1920, азыркы Баткен облусу, Лейлек району, Самат (мурунку Кара-Сай) кыштагы - 1.5. 1945, Германия, Фризак шаары (азыркы Хафельланд району)) — Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Советтер Союзунун Баатыры (1945).
Самат Садыков | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: |
Кара-Сай, Ош областы |
Жарандыгы: | |
Өлгөн датасы: | |
Өлгөн жери: |
Өмүр жолу
түзөтүү1920-жылы [[Баткен областынын
областынын]] Кара-Сай айылында туулган.
РККА катарына 1940-жылы чакырылган. Гвардия кенже сержант. Пулеметтун расчетунун командири.
Кызыл Армиянын катарына 1940-жылы чакырылып, согушка 1943-жылдан кирген. Пулемёт расчётунун наводчиги, командири. Александр Невский атындагы Кызыл Жылдыз ордендүү 16-гвардиялык атчандар полкунда, Борб., Батыш, Брянск, 2-, 1-Беларус фронтторунда кызмат өтөгөн. 1943-жылы май айындагы салгылашууда Самат Садыков душмандын 300 солдатын (анын ичинде 2 майор жана 15 офицер) 12 авто жок кылып, эрдик көрсөтүп, жараат алганына карабастан, душмандын 3 оор, 5 жеңил пулемётун жана 30 солдатын жок кылган. Кызыл Жылдыз, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.
Эрдиги
түзөтүүСыйлык — наамдары
түзөтүү1945-жылы 31-май айында Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
- Самат Садыков на сайте «Герои страны» (орусча)
- Герои Советского Союза — кыргызстанцы: Садыков Самат Archived 2014-02-23 at the Wayback Machine (орусча)