Садыков Убайдулла (1902, азыркы Кара-Суу району, Мады кыштагында төрөлгөн - 1978, ошол эле жерде) – айыл чарба өндүрүлүшүнүн ишмери, Социялистик Эмгектин Баатыры (1957)[1].

1939-жылдан КПСС мүчөсү. Жаш кезинен жалданып иштеген. 1930-жылдан колхоздо бригадир, председателдин орун басары. 1939-ж. М. И. Калинин атындагы колхоздун председатели болуп шайланган. Анын жетекчилиги менен колхоздун экономикасы чыңдалып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жогорулаган, малдын саны көбөйүп, кунардуулугу арткан. 1956-ж. ал башкарган колхоз 1520 га пахтанын ар гектарынан 29,5 цден түшүм жыйнап алган. 1954-58-жылдры СССР Жогкуор Советинин[2], 1951-55-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары түзөтүү

Социялистик Эмгектин Баатыры,Эки Ленин ордени, 3 Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.
  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Социалистического Труда колхозникам, колхозницам, работникам машиннотракторных станций и совхозов, партийным и советским работникам Киргизской ССР». Текшерилген күнү 10 -март (жалган куран) 2017. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
  2. Список депутатов Верховного Совета СССР IV созыва