Садыр-Коргон шаар калдыгы

Садыр-Коргон шаар калдыгы - о. кылымга таандык археологиялык эстелик. Талас суусунун сол жээгинде, Кызыл-Адыр кышаарынан 2 км түндүк тарапта жайгашкан (кийин аны Капка суу сактагычы басып калган). В. В. Бартольд, A. Н. Бернштам жана башка окумуштуулар аны 10-кылымдагы араб географы Макдисинин маалыматы боюнча Шелжи шаарына салыштырат. 9-11-кылымда шаар, күмүш кенин иштетүү менен белгилүү эле. Борб. бөлүгүндө ички сепил жана медресе болгон. Жазма маалыматтарга караганда шаарда чет өлкөлүк соодагерлер жашап, исфахандыктардын саны 10 000ге жеткен. Аббасиддер халифатынын тушунда тыйын чегилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү