Саипов Борошил (27. 8. 1937-жылы туулган, Ош) - айыл чарба илимдердин доктору (1998), профессор (1998). К. И. Скрябин атынан КАЧИни (1962), Бүткүл союздук пахтачылык институтунун аспирантурасын (1968) бүтүргөн. 1962-72-жылдары Республикасы пахтачылык боюнча тажрыйба чарбасында бөлүм башчы. 1972-жылдан КРдин дыйканчылык ИИИде бөлүм башчы, 1982-98-жылдары ген. директордун орун басары. 1998-2002-жылдары КААда илим бөлүмүнүн башчысы, КАУда декан (2002-05), 2005-жылдан КУАУда илим боюнча башкармалыктын башчы. Айыл чарба мелиорациясы боюнча адис. Тоолуу региондо (мисалы, Чүй жана Нарын облусу) сугат жерлердин сууга болгон талабынын параметрин иштеп чыгуу долбоорунун жетекчиси. Арал денизинин маселелери боюнча «ВАРМАП» программасынын илимий консультанты. КРдин а. ч-сына эмгек сиңирген кызматкери (2000), КРдын билим берүүсүнүн отличниги (2007). 340тай илимий эмг., анын ичинде 8 методикалык көрсөтмөсү, 7 монография, 2 ойлоп табуунун автору. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Эмгектери түзөтүү

Перспективные технологии, система машин для комплексной механизации растениеводства Кырг. ССР. Б., 1992.

Колдонулган адабияттар түзөтүү