Сайге (кечилдикте алган ысмы; өз аты-жөнү Сато Норикиё; 1118, Япония, Киото - 1190, ошол эле жер) - япон акыны, Хэйан жана Камакур доорундагы танка жанрын негиздөөчүлөрдүн бири. Пессимизмге баткан философия лирикасы танка жанрында («Санга сю» жыйнагы) жазылган. Поэтика жөнүндө ой жүгүрткөн «Сайге менен маектешүү» (анын окуучусунун жазуусунда) аттуу чыгармасы сакталып калган. Ырлары кыргыз тилине которулган.

Эмгектери түзөтүү

  • Горная хижина. М., 1979;
  • Тоодогу алачык (Которгон А. Жуманалиев). Б., 1993.

Колдонулган адабияттар түзөтүү