Сайдинова Базарбүбү
Сайдинова Базарбүбү (23. 10. 1957-ж. туулган, Чүй району, Кегети кыштагы) - эл агартуунун отличниги.
- Кыргыз мамлекеттин университетинин география факультетин бүтүргөн (1980).
- Эмгек жолун 1980-ж. Кыргыз илимдер академиясынын сейсмология институтунда кенже илимий кызматкер болуп баштаган.
- 1983-1996-жылдары Калинин (Жайыл) районунун Сосновка кыштагындагы санаториялык жатак мектебинде, 1996-жылдан Жайыл районуна караштуу Кожомкул кыштагындагы Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектепте мугалим болуп эмгектенген.
- Ардак грамоталар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүСуусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9