Сайипжамал Сакиева
Сакиева Сайипжамал Салайдиновна - педагогика илимдеринин доктору, профессор. Көптөгөн илимий изилдөөлөрү менен кыргыз педагогикасына жана башталгыч билим берүү системасына чоң салым кошкон окумуштуу. 196 илимий макала жана 2 монография, 1 лекциялык курс, 1 окуу курал, 4 окуу-методикалык көрсөтмөнү иштеп чыккан.
Иш тажрыйбасы
түзөтүү1977-1984-жыл. Базар-Коргон району, М.Баетов орто мектеби. Башталгыч класстын мугалими
1984-жыл. Базар-Коргон району. Кычан атындагы мектеби, окуу иштери боюнча директордун орун басары
1985-жыл. Кыргыз педагогика илим-изилдөө институту. Кенже илимий кызматкер.
1987-1990-жыл. Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун аспиранты.
1990-1994-жыл. Кыргыз педагогика илим-изилдөө институту. Кенже илимий кызматкер.
1994-2000-жыл. Жалал-Абад мамлекеттик университети, педагогика жана психология кафедрасынын улук окутуучусу, доценти.
2000-2023-жыл. ЖАМУ, Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы, Педагогика, Башталгыч билим берүүнүн теориясы жана методикасы, педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедраларынын башчысы.
2024-жыл.ЖАМУ.Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору
Илимий ишмердиги
түзөтүү1992-жылы жактаган кандидаттык диссертациясынын темасы: «Окуу сабагында сөздүк жумушун жүргүзүүнү өркүндөтүү (3-класстын материалынын негизинде)».2013-жылы жактаган педагогика илимдеринин доктору даражасы боюнча диссертациясынын темасы: “Башталгыч мектепте адабий окууга үйрөтүүнүн педагогикалык негиздери”.190го жакын илимий эмгектерди жарыялаган. Анын ичинде 2 монография, 8 ЖОЖдор үчүн окуу китептери жана окуу-методикалык куралдары бар. 2017-жылы Педагогика багыты боюнча профессор наамы ыйгарылган. 2018-жылы Россия Фдереациясынын Табигый билимдер академиясынын вице-корреспонденти. 2020-жылы Россия Федерациясынын Табигый билимдер академиясынын академиги наамы ыйгарылган.
Ал изилдеген негизги илимий көйгөйлөр
түзөтүүБашталгыч мектепте адабий окууга үйрөтүүнүн мазмуну жана формалары; башталгыч мектепте адабий окууга үйрөтүүнүн тарыхы жана азыркы учурдагы актуалдуу проблемалары; окуу пландарынын, окуу программаларынын жана окуу китептеринин мазмундук, структуралык табияты; окутуунун жана тарбиялоонун теориясы, практикасы менен инновациялык технологиялары, аларды ЖОЖдо окутуунун көйгөйлөрү ж.б.
Негизги илимий-методикалык эмгектери
түзөтүү• Башталгыч класстарда эне тилин окутуунун методикасы боюнча методикалык колдонмо.- Жалал-Абад,2000.
- Сөз өстүрүү. Хрестоматия. 2-3-класстын окуучулары үчүн хрестоматия.-Ош,2000.
- 1-4-класстарда сөз өстүрүү, таза жазуу сабактарынын программасы.-Ош,2000.
- Башталгыч класстарда эне тилин окутуунун методикасы.-Жалал-Абад, 2001.
- Эне тили.Окуу-методикалык комплекс.-Жалал-Абад, 2002.
- Эне тили. Лекциялык курс.-Жалал-Абад, 2002.
- Теоретические основы начального образования.-Жалал-Абад, 2003
- .Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана үй-бүлө педагогикасы.-Жалал-Абад,2003.
- Эне тилин окутуунун методикасы боюнча силлабус.-Бишкек, 2005.
- Башталгыч класстарда эне тилин окутуунун теориялык жана практикалык негиздери.Монография. – Бишкек,2006
- .Көркөм сөз керемети.Хрестоматия. -Бишкек, 2006.
- Педагогикалык теориялар, системалар жана технологиялар.Типтүү программа.-Жалал-Абад, 2011
- .Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы, жалпы педагогикалык адистиктер үчүн педагогикалык практиканын программасы. – Жалал-Абад, 2001
- .Башталгыч мектепте эне тилин окутуунун методикасы. Типтүү программа. – Жалал-Абад, 2011
- Башталгыч мектепте адабий окууга үйрөтүүнүн педагогикалык негиздери. Монография. – Бишкек, 2010.
- Башталгыч мектепте эне тилин окутуунун методикасы боюнча окуу курал. Бакалавр боюнча даярдалган студенттер үчүн. – Бишкек, 2017.
- Башталгыч мектепте адабий окууга үйрөтүүнүн методикасы: теориясы жана практикасы. Монография – Бишкек, 2017
Сыйлыктары жана наамдары
түзөтүү- ЖАМУ, Мыкты доцент номинациясы (2003).
- ЖАМУнун Мыкты аспирант, изденүүчү, докторант номинациясы (2014)
- Педагогика илимдеринин доктору (2013)
- РАЕнин профессору (2017)
- РАЕнин ардактуу доктору (2017)
- РАЕнин билим берүүсүнө жана илимине эмгек синирген ишмери (2017)
- РАЕнин алтын кафедрасынын ээси (2017)
- РАЕнин табигый тилимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (2017)
- РАЕнин жогорку билим берүү багыты боюнча жанычылдык иштери үчүн алтын медалынын ээси (2017)
- Педагогика багыты боюнча профессор окумуштуулук наамы (2017)
- ЖАМУнун мыкты профессору (2018)
- Мыкты монография ЖАМУ (2018)
- РАЕнин анык мүчөсү (академиги), (2020)
- Профессор Каратай Сартбаевдин төш белгиси.(2022);
- 2008-ж. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы.
- 2012-ж. Билим берүүнүн мыктысы.
- 2013-ж. Жалал-Абад мамлекеттик университетине эмгек синирген ишмер.
- 2013-ж. Билим берүүнүн мыктысы.
- 2013-ж.Жалал-Абад мамлекеттик университетине эмгек синирген ишмер.
* 2015-ж. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын ардак грамотасы.
- 2016-ж.Жалал-Абад облустук профсоюзунун билим берүү кызматкерлеринин ардак грамотасы.
- 2018-ж. Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы.
- 2018-ж. Жалал-Абад облустук администрациясынын ардак грамотасы.
- 2020-ж. Кыргыз тили төш белгиси.
- 2023-ж..Жогорку Кенештин Ардак грамотасы.
Техникалык көндүмдөр
түзөтүүMicrosoft Word 2010, XP, Excel. Офистик жабдуулар (факс, ксеро көчүрмө), интернетте иштөө.